Күйөөсү таштап кетип, көчөдө калган келинге Араван райондук соту алимент кыркып бере электиги айтылды

Ош шаарында эки наристеси менен жардамга муктаж болуп, баш калкалаар үйү жок калган Наргиза Жолдошевага райондук сот бир жарым айдан бери алимент кыркып бере албай жатат. Мындай маалыматты бүгүн, 2-майда SUPER.KG порталына "Ак жүрөк" кризистик борборунун башчысы Дариха Асылбекова билдирди.

"Буга чейин анын тагдыры тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган соӊ бир-эки киши жардам берген болчу. Андан бери Араван райондук сотко кайрылып, балдарына алимент төлөтүп берүүнү суранып жатабыз. Бирок райондук сот келиндин ишин канааттандыра элек. Анткени күйөөсү Орусиянын жараны экен, бул жакка келсе, анан сотко катыштырып, алимент кыркылып берилерин айтышты", - дейт Асылбекова.

Дариха Асылбекованын айтымында, учурда Наргиза Жолдошева шаардагы мекемелердин биринде пол жууп иштейт. Жууп, тазалоо иштерин 3 айлык баласын көтөрүп жүрүп аткарат. Жаш келиндин улуу баласы 2 жашта.

Эске салсак, буга чейин Жолдошева наристелерин балдар үйүнө таштап кетерин айтып кризистик борборго кайрылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Arlenchik
2017-05-02 10:55:39
Качан келерин кутуп журо бербей сотко чакыруу берип эртелетип ишти аткарса болот да, кандай болгон кундо да балдарынарды эч качан таштабагыла, карандай суу ичседа балдардын энесинин жанында болгондон откон бакыт жок, келинге болсо сабр эптеп чонойтуп алсанар балдарынардын сый-урматын корчу убакта да келет.
+4
belka
2017-05-02 11:04:03
Дариха Асылбекова да бир келиндин сөзүн коомчулукка жар салуудан мурда ошол келиндин кайвн журтунан,айылынан барып териштирбейби эмне себептен көчөдө калганын. Бир жактуу маалыматты элге жайганы үчүн жоопко тартыруу керек,себеби мен өтө жакшы билем бул келинди. Кайын журту карапайым жоош момун адамдар,күйгүзүп баарын анан качып кеткен бул келин.
+2
Ayida
2017-05-02 14:44:14
Болушу мумкун.Мындай келиндер ото тажаал догурунган болот экен.Бироо уялбай Чубак ажыга чалып уй жардам берет экенсинерго куйоом каза болгон деп айтып атат. Эмне учун Аллах тууралуу намаз тагдыр тууралуу сурабайт
?Жонокойдо мусулмандар жаман,Чубак ажы айта берет дешет, жардам керекте баары Чубак ажыдан сурайт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан