Журналисттер Нарын Айып жана Дина Маслова аларга өлкөдөн сыртка чыкпоо тууралуу соттун чечими боюнча даттанышат

Zanoza.kg сайтынын башкы редактору Дина Маслова жана журналисти Нарын Айып аларга чет өлкөгө чыгууга тыюу салуу тууралуу соттун чечими боюнча даттанышат. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда Нарын Айып SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, аталган чечимди Октябрь райондук сотунун соту Кымбат Архарова чыгарган.

"Башкы прокуратура бизди өлкөдөн сыртка чыгарбоо керектиги боюнча доо арыздын ичине жазыптыр. Кийин сот буга макул болуп чечим чыгарган. Соттун чечимин 26-апрелде гана билдик. Учурда биздин юристтер шаардык сотко даттануу жазып жатат", - дейт Айып.

Ошондой эле журналист үй-бүлөсү чет өлкөдө жашагандыктан аларга барып келүү планында бар экендигин кошумчалады. "Үй-бүлөм чет өлкөдө, көптөн бери бара элекмин. Күнүн белгилей элек болчумун, бирок барууну пландап жаткам", - деди журналист.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан