“Коопсуз шаар” долбоору боюнча тендер мыйзамсыз өтүп, соттук териштирүүлөр болуп жатат”, - деп бүгүн, 2-майда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдирди.
Анын айтымында, 27-февралда аталган долбоор боюнча акыркы тендер мыйзамсыз өткөнү тууралуу жыйынтык чыккан. "Мыйзамга ылайык, бир жылдын ичинде апелляция менен кайрылууга убакыт бар. Биринчи долбоор менен Бишкек шаарына 1720 элемент, Ош шаарына 314 элемент эсептелген. Бирок бүгүнкү күндө соттук териштирүүлөр жүрүп жатканына байланыштуу иштегенге укугубуз жок. Премьер-министрдин буйругу менен башка жерлерге видеокөзөмөлдү орноштурууну карап жатабыз”, - деди Разаков.
Аталган комитетте өкмөттүн жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндө, Бишкек жана Ош шаарларында видеобайкоочу камераларды орнотуу жөнүндө маалымат угулуп жатат.
Эске салсак, "Коопсуз шаар" долбоорун ишке киргизүү аракети 2012-жылы башталган. Долбоор боюнча 2 жолу тендер өтүп, 2 жолу теӊ "тендер мыйзам бузуулар менен өттү" деп документке ошол кездеги ички иштер министрлери кол коюудан баш тартышкан. Бүгүнкү күндө соттук иштер уланууда.