Өзгөн шаарында жогорку кубаттуулуктагы электр линиясы тартылган мамы кулаганы турат. Бул тууралуу окурман 2-майда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлап, тийиштүү органдардан чара көрүүнү талап кылды. Айтымында, жамгырдан кийин Жазы дарыясы нугунан ашып жээкти жууп кеткен. Мындан улам мамынын жерге орнотулган бир тарабы бошоп, кулап калуу коркунучу жаралды. Мамы Бишкек-Ош трассасына жакын жерде экенин, адам өмүрүнө коркунуч пайда болгонун айтат окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.