Аксы районунун 8 миң гектардан ашуун жайыттарын чегиртке каптады

Аксы районунун жайыттарын чегиртке каптады. Мындай маалыматты бүгүн, 2-майда SUPER.KG порталына аталган райондун акими Масалбек Мырзамамытов билдирди.

"Жыл сайын райондогу 22-24 миң гектар жайыттарды чегиртке каптап кетчү. Быйыл адистер тарабынан 8 миң гектардан ашуун жерди марокко чегирткеси каптаганын адистер изилдеп чыгышты. Учурда Өсүмдүктөрдү коргоо жана химиялаштыруу департаменти 6 техника менен дарылап жатышат. Соңку 10 жылдан бери чегирткелер менен күрөшүп жатабыз", - дейт район акими.

Маалыматка ылайык, чегиртке Үч-Коргон, Ак-Суу, Кызыл-Туу, Авлетим, Жаңы-Жол айыл аймактарынын жайыттарын каптаган. Райондун аймагында 12 айыл өкмөт бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Seryi-Kardinal
2017-05-02 12:12:19
сhoko taan degen jokpu al jakta
+2
baltabai
2017-05-02 12:38:06
Эн тааллада болсо самолёт мн жачса Жакшы болот эле
+1
baltabai
2017-05-02 12:38:35
Жок болот эле
+1
Rasul94
2017-05-02 15:49:06
индюк бакса чегиртке кантип жок болгонун билбей каласынар
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан