Бүгүн, 2-майда Өзгөн районунун Заргер айыл аймагынын Аюу айылында жер көчкүнүн астында калган жарандарды издөө иштери бүгүн саат 07:00дө кайрадан улантылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, издөө иштерине жалпысынан 300дөн ашуун катышууда. Алардын арасында куткаруучулар, жоокерлер, медицина кызматкерлери. "Кечээ 1-май күнү саат 07:45тен тартып издөө иштери жүргүзүлүп, эч кандай жыйынтык болбогондуктан саат 19:30да издөө иштери убактылуу токтотулган", - деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, 29-апрель күнү саат 06:40 чамасында Өзгөндө 200 миң куб метр жер көчкү түшүп, натыйжада 11 турак үйдү басып калган. Алдын ала маалымат боюнча, болжол менен 6 үйдө 24 жаран көчкү алдында калып калышкан. Азыркы убакытка чейин 3 адамдын жансыз денелери табылган.