Аюу айылында көчкү алдында калгандарга жаназа окулат

Бүгүн, 2-майда саат 15:00дө Өзгөн районунун Аюу айылында көчкү алдында калгандарга арналып жаназа окулат. Бул маалыматты SUPER.KG порталына Заргер айыл аймагынын башчысы Динмухаммет Бокошов кабарлады.

"Биз азыр сөөктөрү көчкү астында калгандардын туугандары менен сүйлөшүп аймакты көрүстөн кылып калтыруу чечимине келдик. Издөө иштери кыйын болгондуктан денелерди ушул жерге эле калтырып, издөөнү токтотолу деп жатабыз. Бүгүн эл баарыбыз чогулуп жаназа намазын окуйбуз", - деди Бокошов.

Эскерте кетсек, 29-апрель күнү саат 06:40 чамасында Өзгөндө 200 миң куб метр жер көчкү түшүп, натыйжада 7 турак үйдү басып калган. Алдын ала маалымат боюнча, болжол менен 6 үйдө 24 жаран көчкү алдында калып калышкан. Азыркы убакытка чейин 3 адамдын жансыз денелери табылган. Учурда издөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
adimyrza
2017-05-02 12:45:18
Башка мамлекетте болгондо ошол куну тытып таштамак техникалар мн...эх кооп соз айткын келет бекер эле нерв болосун да
+6
meni_kut
2017-05-02 13:01:20
adimyrza,техника топуракка кошуп табылчу адамдардын буту колун жулуп кетет.Бирок ош жалал абаддан эле келди куткаруучулар,бишкек,чуй,кол,нарындан да келишсе эки кундо таап чыкса керек эле ...
+6
baltabai
2017-05-02 12:57:09
Jatkan jeri jaliluu bolsun
+3
aiba-889290
2017-05-02 12:58:48
Онугуп атабыз,кыйратып атабыз дешет ооз коптурушуп.Башыбызга кайсы тушсо техника жок,окмотто акча жок ушинтип кутулмай.75 жылдан ашса да Улуу Ата мекендик согушта каза болгон жоокерлердин соокторун казып кимге таандык,кайсы жылдары каза болгон ошону да изилдеп жатышат.Бизде . . . . . . .эээх айта берсен арман коп.
+11
meni_kut
2017-05-02 13:08:54
Аттин,ак кепинге оролбой калышын да мумкун,Аллахым куноолорубузду кечир
+7
rios.07
2017-05-02 13:51:35
аянычтуу Эгер чондордун уй булоосун басып калганда тытып ийсе керек!
+5
mr.sher
2017-05-02 13:56:09
Кимдир бироо жардам кутуп акыркы умуту менен жаткандыр. Аракет кылуу керек болчу. Кудайым сактайм десе сактайтко. Илимде да далилденген го адам ачка 3-4 кун жашай алат деп. Эх аттин((( Откондорго бейишинен бере кор Аллахым.
+6
beru
2017-05-02 14:04:52
Ото окунучтуу, 300-400дой адамды казып жатат деп, карап тура бербестен, башка куч органдарынан алып келип казышса болотко. Коп тукурсо кол болот демекчи, тируулор да чыкса керек эле.
+4
akyn
2017-05-02 14:10:58
21-кылымда лопатка менен жер казган эмне деген шумдук я туугандар! башка мамлекетке ХХХ болуп буттукко! чиновниктертин оздорун каздыруу керек!!!!кол менен казсан анын баарын бир жылда да казалбайсынгооооо (((
+5
meni_kut
2017-05-02 14:17:46
akyn,техника башы колун жулуп кетет,ошого абайлап кол мн казат
0
KAPAGAT
2017-05-02 14:19:49
Окунучтуу:( Аллах бейиштен орун берсин...
0
Ayida
2017-05-02 14:27:45
Чындап эле шкафка окшогон же бир торт бурчтуктун ичинде бироо жаткандыр тируу э кутуп!?Аллах билет бирок! Кинодон коруп анча мынча жашоодон коруп калганга ой кетип ататда
+3
ilgizk
2017-05-02 14:29:20
жалкоонун иши болуптурда,көрүстөнгө айландырабыз деп,балким тирүү адамдар бардыр,кытайда шахтада 17 жыл жашап тирүү чыкты го Кудайдын кудурети,издеш керек акырына чейин, океанга чөгүп кеткен жокго булар.
+5
arzygulR
2017-05-02 16:49:54
ilgizk,туура айтасын
0
Kroxa
2017-05-02 14:39:22
Ушу кантип болсун тируулору болсочу???же катуу жаан жаап бакак акса сооктор чыксачы таанылбай ошондо кыйын болот го....
+3
boris8907
2017-05-02 14:42:02
Табылбай калгандарга өлгөндүгү тууралуу күбөлүк берилбейт без извести пропавщий болот.
+2
arzygulR
2017-05-02 16:49:10
Тируу адамдар бар калып калгандар эле сезилтат
+2
Nuura
2017-05-02 18:14:38
Канчалык кыйын болбосун казып алганы эле жакшы болчу башка олколордо мындай кылганын коргон эмесмин .Эн окунучтуу жаткан жерлери жайлуу болсун туугандарына сабр тилейм.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан