Өзгөндүн Аюу айылынын тургундары кайда көчүрүлөрү аныкталды

Өзгөн районунун Заргер айыл аймагынын Аюу айылынын тургундары кайда көчүрүлөрү аныкталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Заргердин башчысы Динмухаммет Бокошов билдирди.

"Көчүрүү боюнча жер тилкелерин тактадык, кошуна Төрт-Көл айыл аймагында турак жай салууга ылайыктуу 42 гектар жер бар экен, трансформация үчүн документтерди Бишкектен күтүп жатабыз", - деди Бокошов.

"Көчкү түшкөн жерден мурда айылдын өйдө жагына жол өтчү. Бул жер эми мазар болуп кала турган болсо, жолду башка жактан өткөрүшүбүз керек болот. Эл менен сүйлөшүп ыңгайлуу тараптан жаңы жол салабыз. Бүгүн Өзгөн РЭСтен 8 электр мамысы келди, аларды орнотсо, электр энергиясы берилет. Аюунун тургундары азыр убактылуу чатырларда жашап жатат", - деп кошумчалады айыл аймагынын башчысы.

Эскерте кетсек, 29-апрель күнү саат 06:40 чамасында Өзгөндө 200 миң куб метр жер көчкү түшүп, натыйжада 7 турак үйдү басып калган. Алдын ала маалымат боюнча, болжол менен 6 үйдө 24 жаран көчкү алдында калып калышкан. Азыркы убакытка чейин 3 адамдын жансыз денелери табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
nurka85
2017-05-02 13:18:35
Жер болуп берип жакшы кыласыздар. Эми окмот тарабынан уй салууга материалдык Жана финансы жактан комок корсотушсо соопко калышмак. Тез арада жабыр тарткандарга уй салып берип дегендей.
+3
baltabai
2017-05-02 13:23:23
Emi okmot
Matiraldyk jardam berse jakshy bolot ele
+1
altyn7776
2017-05-02 14:08:22
Бат баттан чечилиши керек.. Авиакырсыктан жабыркаган адамдарга жер болунбой уят болгон бийлик эми акылына кириш керек.
+2
tavanova.sarah
2017-05-02 14:32:46
Бир жылы А.Акаев, ушундай кочкудон жабыркагандарга уй салып бергенго Куршабка. Ошентип салып берсе болот Атамбаев!
Акаевтей бышык кыштан салбасада, пахсадан болсода салып бериш к.к!
Жабыркагандарда кайдан каражат болмок эле..
+7
baboskin
2017-05-02 14:47:36
Эски дос эстен кетпейт, жанысы кадырга жетпейт деп бекер айткан эмес да,жаман деп кубалаган ажолордун кадыры Эми отот, ХХХ экенсиз,басып барып конул айткандын ордуна,аларды жемелеп, сиз уйду даярдап кочкуло десениз,алар кочмок,кимдин олгусу келсин!!! Мурда бизди жангак отургузганы алып барчу, жер кыртышын сактайт деп,азыр андай жок,деги эле элди ойлогон эч Ким жок,зарлаган элдин убалы урсун силерди ХХХ
+1
adi_ko.kg
2017-05-02 15:05:21
Биз жакго
0
Siren.ms
2017-05-02 15:18:00
торт колдун кайсыл жерине экен а жакшы округ
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан