Бишкектин Жамгырчинов көчөсүндө курулуш иштери жүрүүдө. Учурда жол курууга тоскоолдук жараткан 57 объект алынды. Мындай маалыматты бүгүн, 2-майда SUPER.KG порталына Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын башчысы Талант Иманакун уулу билдирди.
"Бул көчөнүн курулушу башталар алдында кызыл сызыктан чыгып кеткен 40 турак жайды бузуп алууга туура келди. Андан сырткары 17 жеңил типтеги курулуштарды жолдун четинен жылдырдык. Бүгүнкү күндө жол куруучуларга тоскоолдук жараткан курулуш жок. Эгерде алдыда дагы кызыл сызыктан чыгып кеткен курулуш болсо алууга даярбыз", - деп билдирди Иманакун уулу.
Ал эми Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Абдыжапаркул Жанболотов менен байланышканыбызда, ал Жамгырчинов көчөсүнүн курулушу 2 чакырым 890 метрди түзөрүн, жолдун кеңдиги 9 метр болорун айтты.
"1-апрелде башталган унаа жолунун курулушу 30-октябрда жыйынтыкталат. Акыркы 2 жылдын ичинде кытай грантынын эсебинен Бишкек шаары боюнча 49 көчөгө асфальт төшөлүп, курулуп бүтөт. Бул долбоор жаз алды менен башталган. Садыгалиев көчөсүнөн Месароша көчөсүнө чейин эки тарабында жөө адамдар жүрүүчү жол менен кошо курулат Ал эми калган бөлүгүндө бир тараптуу жөө адам жүрүүчү жол курулат. Анткени түштүк тарабында заводдун имараты жайгашкан", - деп билдирди Жанболотов.