Бүгүн, 2-майда парламентте депутаттар шайлоочулардын тизмесин үч жолу текшерүүнү сунуштап жатышат.
“Республика - Ата Журт” фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев: “Болжолдуу тизмени шайлоого чейин 60 күндө түзүшөт. Контролдук тизме болсо шайлоого чейин 20 күндө түзүлөт. Акыркы тизме болсо 3 күн калганда даярдалат”, - деди.
КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев мыйзам долбоорунда жарандарга шайлоо өтө турганы боюнча жазуу түрүндөгү билдирмени жөнөтүүнү алып салуу сунушу каралганын айтты. Ал билдиргендей, буга көп убакыт кетет. Анын айтымында, азыркы учурда интернет, радио, телеберүүлөр бар. БШКнын маалымат каражаттары аркылуу шайлоо тууралуу билдирмелерди бериш керек экенин белгиледи.
Учурда парламентте "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өтүп жатат.