Эдил Байсалов: "Elektromed Elektronik" эч качан Алмазбек Атамбаевдики болгон эмес"

"Elektromed Elektronik" ишканасы эч качан Алмазбек Атамбаевге таандык болгон эмес", - деп активист Эдил Байсалов бүгүн, 2-майда аталган компания тараткан билдирүүгө жооп берди.

"Мен "Elektromed Elektronik" ишканасынан билдирүүсүндө берген маалыматтарына далилдерди келтирүүнү талап кылам. Эскертип коёюн: мен Түркиядагы жана башка сотторго кайрылып, төгүндөөнү талап кылам", - деп эскертти активист.

"Компаниянын бүгүнкү билдирүүсү ызы-чуу эле салып, бирок чындыгында, менин айткандарымды төгүндөбөйт. "Eletkromed Elektronik" ишканасы эч качан Алмазбек Атамбаевге таандык болгон эмес. Ушуну биз баарыбыз билишибиз керек. Кызыгы, кантип 33 миллион долларга бааланган компания башка компанияны 35 миллион долларга ээлеп алды? Эмне үчүн? Мага кызыктуу болуп жатат, анткени өзүмдүн президентимдин акыркы 15 жыл бою жашырып келген ийгиликтери менен сыймыктангым келет. Каалаганды айта берсе болот. Мен бир гана суроолорду берип жатам жана расмий документтерге гана ишенем", - деди Байсалов.

Айта кетсек, бүгүн Түркиядагы "Elektromed Elektronik" ишканасы "2003-жылы Алмазбек Атамбаевге 35 миллион доллар төлөп бергенбиз" деп өзүнүн басма сөз кызматы аркылуу билдирүү тараткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
scorp
2017-05-02 17:13:47
Бул жагы кызык болдуго... мен тушуно албай жатам буга, бул активист эмнеге Атамбаевди коргоп жатат?
-1
TUMAN1
2017-05-02 17:23:36
scorp,бул коргогон жок, наоборот чукуп атат кайдан мульти болгонун...
+6
scorp
2017-05-02 17:59:33
TUMAN1,жакшы, мен тушунбой калдымда эмнеге мындай деп)))) чет олкодо журуп жанылыктарды деле жакшы уга албай калды кимиси туура кимиси калпычы экенин билбей...
0
frunze12
2017-05-02 18:20:48
scorp, тиги компания Атамбаевдин ал компаниядагы улушун/акциясын 50 млрд турк лирасына 2003-жылы сатып алган имиш, б.а. Атамбаевге 50 млрд турк лирасын бериптир. Макул туура деп ишенели. Ошондо 50 млрд турк лирасы 2003 жылдын курсу менен болгону 35 мин доллар болот го, 35 миллион доллар эмес. Муну далилдоо оной, интернеттен табасынар 2003 жылы Туркияда 1 доллар канча турк лирасына бааланганын. Ошол убакта 1 доллар орточо 1,5млн турк лирасын тузгон.

Ошондо ким элдин башын айлантууда?
+1
ruslan868600
2017-05-02 19:35:31
Эмнеле анын акчасына кызыгып жатат,бироолордукун чукугуча озунун ишин кылбайбы.Ушу эдил байсалов дагын корунгон жерге мурдун тыга береткен...
-4
ruslan868600
2017-05-02 19:37:27
Дагын эскертип койоюн дейби,ошолор угабы экен эскерткенин.
-1
Kroxa
2017-05-03 16:28:13
Мульти миллонер президент боло электе эле башкастый болсо..башкалары отура беришет да Акааевдин айтканы бар го кандайдыр бир чет олко грант берсе Чынгыз Айтматов аркылуу алганын.кайра кайтарып бербегенин..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан