Мамлекеттик каттоо кызматы: "Биометрикалык паспортту алууда паспорттон башка документ талап кылынбайт"

Электрондук биометрикалык паспортту алууда паспорттон башка эч кандай документ талап кылынбайт. Мындай маалыматты бүгүн, 2-майда SUPER.KG порталына Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Эгерде өлкө жаранынын колунда 1994-жылдын жана 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорт болсо анда эч кандай документ талап кылынбайт. Биометрикалык маалыматта камтылган 19 маалыматты карап чыгып, жарандын колундагы паспортту биометрикалык паспортко алмаштырып беребиз. Эгерде паспорт алуучу 1974-жылкы үлгүдөгү паспорт менен келсе анда жарандыгын аныктоо аракети көрүлөт", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, жаран өздүгүн аныктоочу документи жок келсе, тактап айтканда, жоготуп алса, анда:

Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун жоголгонуна байланыштуу:

- туулгандыгы тууралуу күбөлүк;

- арыз ээсинин жоголгон паспортунун ордуна 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт берүү жөнүндө арызы талап кылынат.

Жоголгон паспорттун ордуна 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт берүү жөнүндө арыз 5 күндүн ичинде каралат. Жоготуу жөнүндө ишти түзүү жана жүргүзүү тартибин ыйгарым укуктуу орган аныктайт.

Ал эми жаран 2017-жылдын үлгүсүндөгү биометрикалык паспортунун жоголгонуна байланыштуу:

- арыз ээсинин жоголгон паспортунун ордуна 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт берүү жөнүндө арызы талап кылынат.

Эске салсак, өлкө аймагында биометрикалык паспорт 1-майдан тарта берилип башталары айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
scorp
2017-05-02 19:31:33
Админ мен био данныйларды тапшыра элекмин Москва шаарында эмгектенип журом кантип тапшырсам болот азыр же тапшырбай эле барып алмаштыра беремби...
0
adi.ali94
2017-05-02 19:41:55
Жаңы паспортту алгандар болсо кандай болоору жөнүндө маалымат жазып кеткилечи,мага эски паспортко окшош эле көрүнүп жатат,бир ааз эле айырмасы бардайго..
0
edik-kg
2017-05-02 19:42:18
Посольствого барсан ошол жерде тапшырсан болот
+1
kyrgyz.kg83
2017-05-02 19:50:08
Шайлоого даярдык каттуу башталдыго.андан коро улутун жаздырсын милдетту турдо,болбосо биосунда тапшырбайм башка паспорта кереги жок
+3
maks94.kb
2017-05-02 19:53:38
2011 жылкы паспорт алмашканда паспортон башка документтер керектелбесе керек ээ туугандар
Алмаштырып алайын
0
Aman97kg
2017-05-02 19:54:17
Мен бул паспортун чыгышына каршымын улуту деген жазуу чиптин ичинде емес тышында болуш керек
+3
Aman97kg
2017-05-02 19:59:15
Мен улуту деген жазуу тышыда болбосо албайм
+1
aibars
2017-05-02 20:01:19
Бул паспорт менен башка олкого чыгууга болобу? Тушунбодум.
0
Bolunbo.kyrgyz
2017-05-02 22:30:59
Баш аламан бордак эми башталат
0
taalai9411
2017-05-02 22:31:05
Не 2 тилде жазылып калган не загранпаспортту жокко чыгарасынарбы Москва кантип Алат ошону билип бергилечи
0
zahid
2017-05-03 01:18:03
Kaisy jerden almashtyrabyz
0
Bek_abad
2017-05-03 02:38:43
Улуту эмнеге жок тушунбодум?
Алар эмнени каалашты бизге женилдикпи же кимге пайдасы тийет?
(Мен озбекке окшойм мага эле кыйын болот эми)
+1
u.n.m
2017-05-03 10:28:16
Bek_abad,Кыргызча так анан даана суйлосон сага эч ким тийишпейт ям беринчи деген создорду кошпосон эле
-2
altynbek_canto
2017-05-03 13:37:08
Паспортный столго барып ала берсек болобу?
0
nazira...
2017-05-03 14:22:05
Водительский права да ичине кирет экен. Эми паспортубуздун оригиналын кошо ала журот экенбиз да машина айдагандар, же копиясы боло берет бекен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан