Өзгөндөгү жер көчкүдөн каза болгондордун туугандарына президенттик фонддон жардам көрсөтүлдү

Президент Алмазбек Атамбаев Өзгөндөгү жер көчкүдөн каза болгондордун туугандарына акчалай жардам көрсөттү. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунан 700 миң сом бөлүндү. Рахима Адыразакова, Фарух Камчыев, Маматали Коргонбаев, Икрамжан Коргонбаев, Хабибилла Разабаев, Абдисалом Разабаев жана Мехриниса Разабаеванын туугандарына 100 миң сомдон бөлүндү.

Эскерте кетсек, 29-апрель күнү саат 06:40 чамасында Өзгөндө жер көчкү жүрүп, натыйжада 7 турак үйдү басып калган. Алдын ала маалымат боюнча, болжол менен 6 үйдө 24 жаран көчкү алдында калып калышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
adi_ko.kg
2017-05-02 20:12:01
Акча тирилтип келбейтго
0
bekchan77
2017-05-02 21:30:11
adi_ko.kg,тирилип келбейт деп жардам бербей эле коюш керек беле
0
Bolunbo.kyrgyz
2017-05-02 23:31:37
500минден бербейби
0
zarlyk2211
2017-05-03 03:48:08
Жакшы жаңылык.
0
nur.akturpak
2017-05-03 04:10:22
Ээ бизге десе милиондон бербейби. Мына канча кун отуп атат бир кадам басып барып койбоду. Питерде бир жардыруу болду заматта Путин учуп барды. Тойго бир нерсенин ачылышына десе учуп келет. А карапайым калкты ойллобойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан