Ноокат районунда өзүм-билемдик менен Кырк-Көл дарыясынан кум-шагыл жүктөп жаткандар колго түштү. Бул тууралуу Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекциянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, колго түшкөн Ноокат районунун тургундары Кеңешбек Шариповго жана Кыясыдин Сатыбалдиевге 20 миң сом айып салынып, бүгүнкү күндө мамлекеттин эсебине толугу менен өткөрүлүп берилди. Мындан тышкары Ноокат районунун Н.Исанов айыл өкмөтүнүн жетекчисине, дарыялардын жээктеринен өзүм билемдик кылып кум-шагыл казып алуучуларга түшүндүрүү иш-чараларды алып баруусун Мамэкотехинспекциянын инспекторлору талап кылышты.