Эл аралык сөз эркиндигинин күнүн белгилөө саамалыгы ЮНЕСКО жана Бириккен Улуттар Уюму тарабынан көтөрүлүп, аны дүйнөлүк эркин басылмалар кызуу колдоо менен кабыл алган.
Бул күнгө байланыштуу Кыргыз өлкөсүнүн редакторлору менен журналисттери 2002-жылдын 3-майында майрамга шайкеш "Бишкек декларациясына" кол коюшкан. Документте Кыргыз Республикасында эркин басылмалардын саны көбөйүп, демократиялык принциптер сакталды дегени менен, алар толук эркин абалга жете электиги белгиленген.