Өзгөн районунун Кара-Колот айылында жер көчкү коркунучу жаралган турак үйлөрдүн ээлери көчүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда SUPER.KG порталына Өзгөн районунун акиминин орун басары Алишер Бакышев билдирди.
"Быйылкы жылда жаратылыш кырсыктары көп болууда. Анткени нымдуулук өтө жогорку деңгээлде. Бүгүнкү күндө Заргер айылындагы элди жайгаштыруу аракетин көрүп жүрөбүз. Үйсүз калгандарга жер участогун таап берип, турак жай салууга көмөктөшүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Кара-Колот айылында жер көчкү коркунучу жаралган аймактагы 6 үйдүн жашоочулары туугандарынын үйүнө убактылуу жайгаштырылды", - деп билдирди Бакышев.
Эске салсак, буга чейин аталган айылда жер көчкү түшүп, 5 турак үйгө коркунуч жаралган.