Токтогул районунда мал кайтарып жүрүп, дайынсыз жоголгон жаран изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Кызыл-Өзгөрүш айылынын 1974-жылы туулган тургуну К.Т. Нарын дарыясынын жээгинде мал кайтарып жүрүп, дайынсыз жоголгон.
"Туугандары өз алдынча издөө иштерин жүргүзгөн. Бирок натыйжа болгон эмес. Мындан улам Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кайрылышкан. Издөө иштерине ӨКМнын №97-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылып жана туугандары издөө иштерин жүргүзүшкөн. Азырынча табыла элек", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.