Депутат: “ИИМ кургак учук менен ооругандарды мажбурлап дарылоого жардам көрсөтүүсү керек”

Ички иштер министрлиги кургак учук менен ооругандарды мажбурлап дарылоого жардам көрсөтүүсү керек. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина билдирди.

Анын айтымында, дарыгерлер ИИМге кайрылып, кургак учуктан дарылануудан баш тарткандарды мажбурлап дарылоого көмөк көрсөтүүну суранышкан.

“Мен бүгүн аянттан жөө келе жатып, жолдогу түкүрүк менен какырыктарды көрдүм. Ошондой эле Жогорку Кеңештин тепкичтерине дагы түкүрүп салышкан. Кургак учук менен дарылоо мөөнөтү узак жана көп дарыларды ичүү керек. Ошондуктан көпчүлүгү 5-6 айдан кийин дарыланууну таштап салышат. ИИМ аларды мажбурлап дарылоого жардамдашуусу зарыл”, - деди ал.

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов бул маселе боюнча иштер каралып жатканын белгиледи. Бул багытта саламаттыкты сактоо министри менен биргеликте иш алып бара турганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bek.94
2017-05-03 11:26:47
каралып атат деп эле кутулат булар результат жокко.
0
Nurbollot
2017-05-03 11:47:39
ИИМ дин кызматкерине оорулу адамдан жугуп калышы мумкунда
0
raykray
2017-05-03 14:03:59
Чындап козомол болуш кк бир уй булоодон бироо ооруса аны мн канча чогуу жашагандар бар каарысы,жаш балдары ото жаман ооруу!!! уйбулодо калгандарына прафлактика жургузуу унутулган !!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан