Мерседес сүзгөн 2-бала нейрожаракат бөлүмүнө которулду

Бишкекте Мерседес унаасы сүзгөн 2-бала Алимбек Сыранов бүгүн, 3-майда нейрожаракат бөлүмүнө которулду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

"Балдардын абалы туруктуу, орто оор абалда. Аларды байкоо жана дарылоо иштери улантылууда", - деп билдиришти басма сөз кызматы.

Эскерте кетсек, кырсык 21-апрелде Бакаев-Ремесленная көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Алимбек Сыранов кырсыктан 5 күн өткөн соң эсине келген. Ал эми кырсыктын дагы бир жабырлануучусу Эрбол Мамажакыпов учурда ошол эле бөлүмдө экени маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aerforce
2017-05-03 11:32:28
Жакшы кабар сакайып кетишсин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан