Кирпич заводунда иштеген абактагылар 4-5 миң сом айлык табышат

“Абакта жаткандарды жумушка тартканга аракет кылып жатабыз”, - деп бүгүн, 3-майда парламентте Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Таалайбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, 2 кирпич заводу ачылып, 200 миңден ашык абакта жаткандар иштешет. Ал билдиргендей, заводдон 4-5 миң сомдой айлык маяна алып, карыздарын же үй-бүлөсүн багат. “Анткени соттолгон адам шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда чыгып кетсе, карызын төлөбөй чыкты деп кайрылгандар бар. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматын күнөөлөп келгендер болот. Ошондуктан абактагыларды жумуш менен камсыз кылып, карыздарын төлөгөнгө мүмкүнчүлүк түзүп берүү керек”, - деди ал.

“Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянова келтирилген зыянды төлөгөндөн кийин абактан чыгуу туура ой экенин айтып, жарым жартылай калбоо керек деген пикирин билдирди.

Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына, Кылмыш-жаза кодексине жана Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Анда мөөнөтүнөн мурда бошотууда соттолгон адам тарабынан келтирилген материалдык зыянды төлөп берүү бөлүнгүс шарт болорун аныктоо сунушталып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
muzibrat93
2017-05-03 12:12:06
Оо кокуй кун диплому туруп жумуш таппай журушсо абактагыларга жумуш таап бериш керек дейтго
-4
Riokyrgyz
2017-05-03 20:39:36
muzibrat93,сен диплонун алып ал да кирпич заводго бар,иштей алат бекенсин.
+3
frunze12
2017-05-04 03:05:03
Биринчиден кирпич заводдо иштоо ото оор. Азыр мобу жерде коммент жазып отургандар озунор бир жума иштей албайсынар ал жерде. Экинчиден андай иште чыдап иштегендердин тамак ашы ошого ылайык болуш керек, турмодо жакшы тамак берет деп кимин ишеничтуу айта аласын? Учунчудон 4-5минге кирпич заводдо иштетуу кул иштетуу менен эле барабар, почти бекер иштеди деген кеп. Анткени кирпич заводдо иштеген менен 5 мин сомго кароолчу болуп иштегендин асман менен жердей айырмасы бар...
0
frunze12
2017-05-04 03:17:27
Ал акча казынага тушот же кылмышкерлерге жумшалган чыгымдын бир болугун жабууга кетет деп эч ким кепилдик бере албайт. Азыр илгерки Союз убагы эмес баары казынага тушкон. Ал акчаны зектер озу алса да ал акчага ээ боло алышпайт. Турмодо ал акчага кожоюн чыгуучу "пахан, махан, смотрящий, положенец ж.б." жетиштуу..

Кыскасы бул жерде ким бироо бекер кул иштетип байыгысы келиптир да. Ошол кирпич заводдор бийликтеги бир жепжутарга тиешелуу болуп чыгат баягы эле. Кыскасы болбогон
0
scorp
2017-05-03 12:30:43
Абдан жакшы ой
0
Kroxa
2017-05-03 13:35:01
Туура эле уурулук кылып же карыз болуп камалып жата берсе ким толойт..аздан болсо да толоп турат тигуучу болуп да аялдар иштегенин корсотчу беле??
0
Mers124
2017-05-03 14:09:49
Туура, ичип чычар болбой мамлекетке пайдасын кылсын. Негизи баардык зыяндан пайда тапса болот. Мамлекет гана жакшы иштей албай атат. Экинчи, учунчу жолу киргендерди, омур бою кеткендерди кирпичке иштетип кирпичин сатса мамлекетке киреше кирбесе да, чыгаша чыкмак эмес.
0
Asan123
2017-05-03 16:16:10
Эн туура деп эсептейм Абакта жаткандардын артында семьясы Калганы бар бир аз болсо да жардамы тийип турса жаман эмес
-1
arzygulR
2017-05-04 02:33:43
Бирок айлык деп коюп кулдай иштетсе керек
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан