Бишкек шаары орусиялык туристтер май айындагы эс алуу күндөрүн өткөргүсү келген КМШ өлкөлөрүндөгү он шаардын катарын толуктады. Мындай маалыматты аталган өлкөнүн "ТурСтат" аналитикалык агенттиги бүгүн, 3-майда расмий сайтына жайгаштырды.
Алдынкы ондукка Минск, Тбилиси, Алматы, Баку, Астана, Ереван, Киев, Ташкент, Бишкек жана Кишинёв шаарлары кирген. Бул тизме онлайн түрүндө мейманканаларды алдын ала ээлеп койгондордун тизмесинин негизинде жүргүзүлгөн.
Маалыматта Бишкек шаарында туристтер аз акча сарптай турганы, орточо эсеп менен 1,5 күнгө 2 миң рубль коротушары айтылат.