Чоң-Алай районунун акими: "Жер титирөөдөн үйлөрдүн дубалы жарылып, айрым короо-сарайлар кулады"

Чоң-Алай районунда жер титирөөдөн зыян тарткандардын саны такталууда. Мындай маалыматты бүгүн, 3-майда SUPER.KG порталына Чоң-Алай районунун акими Жумадил Жапаров билдирди.

"Бүгүнкү катталган жер титирөө биздин райондун аймагында катуу болду. Жердин силкинүүсү райондун борборунан 45 чакырым узак аралыкта жайгашкан Жекенди айылында күчтүү катталды. Үйлөрдүн дубалы жарылып, айрым короо-сарайлар кулады. Адистер 5-6 баллга чейин жетти дешүүдө. Учурда райондук администрациянын кызматкерлери тиешелүү адистер менен биргеликте эл аралап жабыркоо, кыйроолор канчалык деңгээлде экендигин тактап жүрүшөт. Адам өмүрүнө зыян болгон жок", - деп билдирди райондун акими.

Маалыматка ылайык, райондун аймагындагы бала бакчанын балдары, мектеп окуучулары үйлөрүнө жөнөтүлгөн. Учурда жашоочуларга жер титирөөдөн сактануу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Эске салсак, бүгүн, саат 10:50 чамасында өлкө аймагында жер титирөө катталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
mahbu.kg
2017-05-03 14:36:30
Кыргызстанда кыямат башталдыго!Оо Аллахым элибизде тынчылык болсун!
-7
dina1983-19
2017-05-03 15:01:38
Аким менен ӨКМ дин сөздөрү бири бирине дал келбейт. Кимиси туура айтып жатат. Кимиси өз көзү менен барып көрдү. Кабинетте эле отуруп алып баары жакшы деп маалымат берип жатышабы. Кабинетте отуруп маалымат берип Өзгөндө канча жердештерибиз топурак алдында калды. Ар бирибиз өз ишибизге кайдыгер болбосок.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан