Кыргыз өлкөсүнүн дизайнерлери Марсел Шейшенов менен Канат Карапашовдун эмгеги эл аралык "The Dieline Avards - 2017" сынагында жеӊүүчү болду. Маалымат 3-майда аталган фестивалдын расмий сайтына жайгаштырылды. Мекендештерибиз сүт идишин сынакка коюшкан. Жыйынтыгында сынактын Concept категориясы боюнча мыкты деп табылганы белгилүү болду. Аталган категория боюнча 2-орунду башка өлкөлөрдүн дизайнерлери тарабынан сунушталган консерваланган балык салуучу идиш ээлесе, үчүнчүнү кум саат формасында жасалган суусундук идиши алган.
Тhe Dieline Awards - таӊгак (идиш) дизайны боюнча жыл сайын өтүүчү эл аралык сынак. Жеӊүүчүлөргө атайын кубоктор ыйгарылат.