Бүгүн, 3-майда дагы бир ирет Кыргыз менен Тажикстандын чек арасында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Кыргыз Сейсмология институту билдирди.
"Бүгүн саат 21:09да Кыргыз менен Тажикстандын чек арасында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Карамык жана Кара-Тейит айылдарында 3,5 балл, Шибе, Кулчу айылдарында 2,5 балл сезилген. Кошумча маалымат берилет", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, бүгүн эртең менен Чүй облусунда жана өлкөнүн башка да аймактарында жер титирегени айтылган.