Иса Өмүркулов: "Жер көчкү коркунучу бар жерден элди мажбурлап көчүрүү керек болчу"

"Жер көчкү коркунучу бар жерден жарандарды мажбурлап көчүрүү керек болчу", - деп бүгүн, 4-майда парламентте КСДП фракциясынын депутаты Иса Өмүркулов билдирди.

Анын айтымында, өкмөт эскертүү берилген, кол койдурулган, жер берилген деген жооп берип жатат. Бирок жылдан жылга кырсыктар кайталанууда.

"Биз жер көчкү болгон жерден кабар алып келдик. Ал жерде прибор жок эле жердин жаракалары байкалып турат. Эмне үчүн буга чейин бул маселени чечип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, мажбурлап элди көчүргөн жоксуңар?" - деди ал.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков учурда кооптуу жерлерден элди сот аркылуу көчүрөйүн деп жаткандарын айтты. 28-апрелде Аюу айылындагы тургундарды көчкүлө дегенде жергиликтүү аксакалдар, тургундар макул болгон койгондорун белгиледи.

Жогорку Кеңеште Өзгөн районундагы Заргер айыл аймагындагы Аюу айылында болуп өткөн өзгөчө кырдаал тууралуу өкмөттүн маалыматы угулууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
altyn7776
2017-05-05 10:15:20
Туура айтасыз, ошону Ажобуз баш болуп тушунбой, айтсак укпай коюшту деп отурат алакан жайышып туштон кийин! Биздин бирди эмес, онду корсо да акылына келбей калды го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан