2017-жылга карата Кыргыз жеринде жер титирөөнүн коркунучтары жөнүндө так маалымат айтуу мүмкүн эмес. Бул тууралуу 4-майда Жогорку Кеӊештин жыйынында Улуттук илимдер академиясынын алдындагы Сейсмология институтунун директору билдирди.
"Биз эмес өнүккөн өлкөлөрдө да жер титирөөнүн качан болору тууралуу так айта алышпайт. Жер титирөө деген чек араны билбейт, Кытайда, Тажикстанда болгон жер титирөөлөрдүн күчү бизге да жетиши мүмкүн. Бул эми кыйын нерсе, так бир нерсе деп айтуу кыйын. Буюрса, 2017-жыл тынч эле болгудай", - деди институттун жетекчиси.
"Тынч эле болгудай" деген жооп депутаттардын сынына кабылды. "Дүйнөдө технология өнүгүп жатат, сиз болсо тынч эле болгудай деп отурасыз", - дешти эл өкүлдөрү.
Парламентте Өзгөндөгү жер көчкү кырсыгы боюнча өкмөттүн маалыматы угулууда.