18 күн мурун жоголгон 6 жашар Бекзаттын атасы: "Баламды бирөөлөр унаасына салып кетиши мүмкүн"

18 күн мурун, 16-апрелде Кара-Көл шаарында жоголгон 6 жашар Бекзат Жанапилов дагы деле табыла элек. Бул тууралуу анын атасы Амангелди Назакеев SUPER.KG порталына билдирди.

Ал уулунун жоголгону тууралуу буларды баяндап берди.

"Ошол дем алыш күнү чак түштө, саат 13:00дөр чамасында Бекзат үйдөн чыгып кеткен экен. Анын үйдөн чыкканын апасы көрүп, баланы алып кел деп сиңдисин жөнөткөн. Ал уулумдун артынан 10 мүнөттөн соң чыгып эле таппай калган. Мен ал учурда Токтогулда болчумун, ал жактан саат 18:00дөр чамасында келдим. Келип, унаамды айдап алып, ар кайсы жерге токтотуп издеп, таптакыр таппай койдук. Кийин ӨКМнын кызматкерлери келди. Суунун жээктеринен баламды издедик, бирок баары натыйжасыз болду”, - дейт ал.

Ошондой эле анын үйү Ош-Бишкек унаа жолунан алыс жайгашкандыгын, бирок ошентсе да Бекзатты бирөөлөр унаасы менен алып кетип калуусу мүмкүндүгүн айтат.

"Учурда Бекзатты көрдүм деген бир да адам жок аны бирөөлөр унаасына салып кетсе керек деп ойлоп жатабыз, болбосо бир жерден чыкмак да. Азыр кайсы жакка издеп барбайын бирөө жарымдан сурап айта баштасам эле, "ушул балабы?" деп телефондорунан баламдын сүрөттөрүн көрсөтүп жатышат. Азыр жалпы кыргыз эли баламды сүрөтүнөн таанып калды. Бирок ага карабастан көргөн адам жок”, - дейт Амангелди Назакеев.

Эгерде кимдир бирөө көрүп калса, Бекзатты издеп жаткан ата-энесине байланышуу зарыл. Байланыш телефондору: 0 (772) 15-88-42, 0 (705) 15-88-42, 0 (772) 15-88-43, 0 (700) 15-88-43.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
barakcha
2017-05-04 12:31:24
Ата-энесинин ичкени ирим жегени желим болду го..Ылайым аман эсен табылып калса экен!
+17
meky85
2017-05-04 12:59:30
Ии аман эсен табылса экен Кудайым озу жардам берсин
+8
Krai
2017-05-04 13:49:48
Дуйнодо ата энесинен баланы
Баланы ата энесинен айырбасын
+7
altynka95
2017-05-04 15:17:09
Мынча ширин бала, бироо коз салып журуп эле уурдап кеткенби анда
+1
abusait
2017-05-04 16:38:48
Козу ачыктар эмне деп жатышты экен .? Айла жок куноо болсо да алардан сурап коруш керек деп ойлойм.
-3
simone
2017-05-04 18:37:06
Ииии, жүрөгүм эзилип кетти... Табылып калсын ылайым!
+1
aerforce
2017-05-04 21:52:52
Ушул бала эмне болду экен деп калдым эле табылып калса экен бала жоготуу кандай жаман эч бир жандын башына келбесин табылып калса экен баарынын батасы тийип эсен соо табылса экен суудан алысбы уйунор нарын дарыясы ототко андан канча убакыт алыс деги 10 минотук жолдон алысбы себеби 10 минуттан кийин эье таппай калыш бул табышмактуу
+2
airada
2017-05-04 22:01:20
Таш-Комур шаарындагы Капиталка мостунан олугу табылды деп жатышат го иски аппараттары жок экен деп [moderated]дан чыгыптыр. Аныгын эч Ким билбейт бекен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан