Бүгүн, 4-майда Жогорку Кеңеш өкмөттүн Өзгөндөгү кырсык тууралуу маалыматын угууда. Анда "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Наталья Никитенко жарандарды кооптуу аймактардан көчүрүүдөгү кемчиликтер тууралуу айтып "Алдын ала анализ жүргүзүп, жарандар эмне үчүн өз убагында башка жакка көчпөгөнүн аныкташ керек", - деди.
Эл өкүлү Кыргыз Республикасынын аймагында жер көчкү жүрүү коркунучу бар аймактар көп экендигин белгилеп өттү.
"Кыргыз жараны катары мени бүгүнкү талкуу таң калтырууда. Өкмөт, жергиликтүү бийлик өлкөнүн 90 пайызын тоолор ээлегенин, сейсмологиялык, жер көчкү түшүүчү аймактар калк үчүн кооптуу экенин эми гана билип жаткандай сыяктанып жатат. Кыргыз жарандарынын саны көбөйүп жатат. Муну менен жерлерди бөлүштүрүп берүү, элди жайгаштыруу маселеси жаралат. Бул бир канча жылдан бери келе жаткан көйгөйлөр. Азыр жоопкерчиликтен качуунун эң оңой жолу - жарандар өздөрү көчүшкөн жок деп аларды күнөөлөп коюу. Бул туура эмес. Жарандар салык төлөп жергиликтүү бийликти, парламентти камсыздап турушат. Ал акча үчүн техника сатып алынып, өз убагында түшүндүрүү иштери жүрүшү керек. 200 миң сом менен көчүү тууралуу кагазды берип коюу кыйын эмес. Депутаттардын бирине же чиновниктерге 200 миң сом берип өзүң үй салып ал, үй салып жатканда ушул эле акча үй-бүлөңдү багып тур деп көрбөйлүбү. Бул сумма аз болушу ыктымал. Алдын ала анализ жүргүзүп, жарандар эмне үчүн өз убагында башка жакка көчпөгөнүн аныкташ керек", - деди Наталья Никитенко.
Ошондой эле Өзгөн районунун Заргер айыл аймагындагы Аюу айылында жер көчкү астында калган 3 үй-бүлөгө гана эскертүү берилгенин кошумчалады.
ӨКМнын өкүлүнүн айтымында, жер көчкү болгон жердеги 11 үйдүн 7өө мыйзамсыз курулганы аныкталган. Мындан сырткары жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү акыркы жолу барганда алар жазуу түрүндө көчөбүз деп жазып беришкенин айтты.