Өзгөн районундагы Мырзаке-Кара-Шоро жолундагы Кара-Дөбө аймагында таш кулап, Жазы дарыясын бөгөп, Кара-Шоро жайлоосуна барчу жолду суу каптаганын бүгүн, 11-майда окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.
"Жыйынтыгында дарыя нугунан чыгып, жол боюндагы электр мамыларын жана вагонду басып калды. Бактыга жараша, жабыркагандар болгон жок. Тиешелүү министрлик альтернативдүү жол салып берсе жакшы болмок, жайлоого жол жок элдер кыйналышты", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.