Казакстанда мектептеги мушташтан кийин 15 жаштагы окуучунун көзү катуу жабыркап, аны сабаган өспүрүм 7 жылга эркинен ажыратылды.
Чет элдик басылмалардын маалыматтары боюнча, окуя апрель айында Тараз шаарындагы гимназиялардын биринде болгон. Анда 15 жаштагы Дамирди тыныгуу учурунда 9-класстын окуучулары чечинүүчү бөлмөгө чакырышкан. Окуядан кийин эмне болгонун Дамир толук эстей алган эмес.
Жабырлануучунун апасынын айтымында, уулунун көзү катуу жабыркап, дарыгерлер аны сактап калуу үчүн 7 жолу операция жасашкан. Учурда анын экинчи көзүнүн да көрүүсү начарлай баштаган.
Бул иш боюнча бир өспүрүм соттолуп, 7 жылга эркинен ажыратылды. Дамирдин апасы мушташка катышкан башка өспүрүмдөр да жоопкерчиликке тартылышы керектигин айтып, соттун чечимине апелляциялык даттануу берүүнү көздөп жатат.