АКШнын Калифорния штатындагы Маммот-Лейкс шаарында кара аюу китепканага кирип, кызматкерлердин тамак-ашын жеп кетти. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат каржаттары жазышты.
Маалыматка караганда, окуя 14-октябрда таңкы саат 06:00 чамасында болгон. Китепкананын видеокөзөмөл камераларына түшүп калган аюу имараттын ичин ээн-эркин аралап, текчелердеги китептерге көз чаптырган. Китептерге зыян келтирилген эмес. Бирок аюу кызматкерлердин тамак-ашын таап жеген. Кызыгы, ошол учурда китепкананын эшиктери бекитилүү болгон. Аюунун имаратка кантип киргени азырынча белгисиз.