Кечээ, 19-октябрда дүйнөлүк футбол жылдызы Криштиану Роналду Португалиянын улуттук курамасынын базасын таштап кеткендиги үчүн жазаланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
41 жаштагы футболчу Норвегия менен болгон беттеште аны негизги курамга кошпой койгону үчүн нааразы болуп, команданын лагеринен өзүм билемдик менен кетип калган.
Португалиянын Футбол федерациясынын тартиптик кеңешинин чечимине ылайык, Криштиану Роналдуга 255 евро айып пул салынып, 30 күнгө оюндан четтетилгени маалым болду.
Ошондой эле октябрь айында Португалия командасынын оюндары жок болгондуктан, бул дисквалификация ноябрь айындагы улуттар лигасынын беттешине чейин аяктайт.