Жайыл районунда кант кызылчасын зыянкечтерден сактоо боюнча семинар өттү

Жайыл районуна караштуу Сосновка айылында кант кызылчасын зыянкечтерден сактоо боюнча семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, семинардын максаты кант кызылчасынын айдоо аянтын көбөйтүү жана отоо чөп, зыянкечтердин алдын алуу, экономиканы өнүктүрүү болуп саналат.

"Семинарга Жайыл районунун райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы, дыйкан, фермерлер катышты. Семинардын негизги максаты Чүй облусунда кант кызылчасынын айдоо аянттарын көбөйтүү, отоо чөп, зыянкечтердин алдын алуу болду. Жаңы технологияларды колдонууну дыйкан, фермерлерге иш жүзүндө окутуу. Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө дыйкан, фермерлер адистерден тажрыйба алып айрым суроолоруна жоопторду алышты", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан