Президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева уулунун сүрөттөрүн жарыялады. Ал буга чейин интернеттеги социалдык тармактардагы баракчаларын өчүрүп "чынчылдык эч кимге керек эмес" деп жазган эле.
Алия Шагиева сүрөттөрдү жүктөп, аларга жолуккан жароокер адам, жаштар уулунун ден соолугун чыңдоого бара жатышканын угуп сүйүнгөнүн жазган.
"Жол аябай жагымдуу болду. Биз өзүбүздүн ойлорубузга чөмүлүп бара жаттык. Таир эки жолу эмчек сурады, мен акырындап басып бара жатып эмиздим. Кечки жаратылышта өзгөчөлүк бар экен. Костя өзүңдүн кадамдарыңды кароо медитацияга окшош экенин айтты. Мен макул болуп, ойлорум жоголуп жатканын сездим", - деген Шагиева бала чагындагы окуяны эскерип, анын инсан катары калыптанышына чоң таасир бергенин белгилеген:
"Биз суурлардын уяларын көрдүк. Ылайыксыз бут кийимим үчүн Костя мага жардам берип жатты. Ал убакта мен инсан катары калыптанышыма чоң таасирин тийгизген бала чагымдагы жагымсыз окуяны эстеп, анализдеп жаттым. Үй-бүлөм менен жайында дагы бир ирет тоого келгенде, балдар суурду кармап, биз эс алып жаткан жерге алып келишкен. Ал жаныбарды бышырып жеш үчүн чапкылаган таяктардын өңү, балдардын сүйүнүчү дагы деле эсимде. Менин ошол кездеги сезимдерим да эсимде. Ошондо эле интеллекти кандай болбосун, бардык тирүү жандыкты кандай максатта болбосун, өлтүрүүгө болбойт экенин түшүнгөм, бирок менин балалык мээм чоңдордун кадимки "эт организмге керек", "Кудай жандыктарды адамдар үчүн жараткан" сыяктуу мифтерин сиңире берген. 13 жашка чыкканда акыры чын маалыматка ээ болуп, өз позициямды карманууга эрк тапкам. Бирок сөз азыр вегетариандык жөнүндө эмес".
"Ар бир секунд сайын баары бири-бирине байланыштуу экенин түшүнүп жаттым. Мен кокустан жаныбарларга адамгерчиликтүү мамиле кылуу жөнүндө сүйлөө эрте болгон Кыргыз жергесинде төрөлгөн жокмун, себеби жадакалса адамдын укуктары бузулуп жатат (кыздарды ала качуу). Мына мен, адилеттүүлүк жана бардык тирүү жандыктар үчүн күрөшүүчү, искусствону жакшы көрүп, формалдуулукту кабыл албаган назик бала, бул жердемин. Анан дагы президенттин кызымын. Сандырактык, туурабы? Сага статус боюнча туш болгондун баарына сүйүнүп жашай берсең, акмак, а сен өзүңдүн романтикаң жана боз үй, ат, Ысык-Көл жок түшүнүксүз сүрөттөрүң менен, анан да оруска турмушка чыккан. Кыз эмес, тескериликтин топтому. Бирок мен адамдардын макулдуулугунан, эркиндикти тандайм. Мен өзүмдү табууну үйрөнүп, башкаларга да буга түрткү болгум келет. Мен чынчылдыкка үйрөнгүм келет. Кыскасы, баарын башынан баштайм. Чоң адам катары ойлонуп. Баладай жан дүйнөм менен. Эгер мени менен болсоң - рахмат. Кел, өзүбүздөн баштайбыз", - деген Алия Шагиева.
Учурда ал кайрадан социалдык тармактарга катталып жатканы маалым болду.