Бүгүн өлкө боюнча жалпы республикалык тестирлөө башталат
Бүгүн, 16-майда өлкө боюнча жалпы республикалык тестирлөө башталат. Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 6-марттан 6-апрелге чейин жүргүзүлгөн. Катталгандардын саны 45 миңден ашты. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги билдирди.
Бул жылы да мурдагы жылдардай эле предметтик тесттер химия, биология, физика, математика, тарых, англис тилинен өтөт. Абитуриенттер үчүн тест эки тилде сунушталат: кыргыз жана орус тили.
Жалпы республикалык тестирлөө өлкө аймагында төмөнкү этаптар менен өткөрүлөт:
1 этап – 16-17-майларда;
2 этап – 19-20-майларда;
3 этап (акыркы тест) – 23-24-июндарда.
Республиканын ар бир регионунда тесттик борборлор уюштурулат, республика боюнча 123 борбор болот.
15-18-майларда каттоодон өтүүгө жетишпей калган абитуриенттер үчүн катталуу мүмкүнчүлүгү ачылат.