Дүйнөнүн 203 өлкөсүнөн Түркияга келип билим алып жаткан чет өлкөлүк студенттер Стамбулда Эл аралык студенттердин жолугушуусунун финалдык программасына катышышты. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, Бул жолугушуу Эл аралык студенттердин уюмдарынын федерациясы тарабынан уюштурулду.
"Иш-чарага Түркиянын вице-премьер-министри Нуман Куртулмуш катышып сөз сүйлөдү. Эл аралык студенттер өз өлкөсүнүн маданиятын таанытып музыка, ыр, бий жана театралдык номерлерди көрсөтүштү. Алардын арасында Кыргыз өлкөсүнөн келген студенттер улутубуздун байлыгы болгон "Манас" эпосунан үзүндү айтышып, көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө ээ болушту. Андан соң Омардын "Кыргызстаным" аттуу ырын ырдап залды дагы бир жолу толкутту", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.