Бишкекте 15-майда "Таза коом" долбоорунун максаты жана милдеттери" деген темада маалымат жыйын өтүүдө. Жыйында санариптик телеберүүгө өтүү боюнча да сөз болот. Байланыш жана маалыматтык технологиялар комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев жана маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова маалымат берүүдө.
"Таза коом" - жарандык коом менен мамлекеттин байланышын бекемдейт. Бизнес жүргүзүүдөгү тоскоолдуктарды жоготот. Өткөн аптада долбоордун түзүмү бекитилди. 4 мыйзам долбоору даярдалды. Бул мыйзамдар долбоорду ишке ашырууга көмөктөшөт. Мыйзам долбоорлорун парламент каникулга кеткиче кабыл алат деп ойлойм", - деди Бакыт Шаршембиев.
Долбоор боюнча Кеңеш түзүлүп, ага премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков тең төрагалык кылары айтылды.