11-12-май күндөрү Жалал-Абад шаарында "2017-жылдын мыкты мугалими" кароо-сынагынын облустук туру болуп өттү. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, облустук турда район-шаардык сынактарда жеңип чыккан 13 мугалим күч сынашты. "Жыйынтыгында Ноокен районунан келген Уланбек Уметов баш байгени жеңип, республикалык сынакка катышуу укугу менен облустук профсоюздан Анталияга эс алууга жолдомо жана облустук администрациядан ноутбук менен сыйланды. Ал эми облустук билим берүү усулдук борборунан жогорку даражалуу диплом жана акчалай сыйлыкка ээ болду", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.