Өлкөдө 99 айыл спутниктик телеберүүдө калды. Буларды 2017-жылдын август айына чейин санариптик сигналга кошуу пландалууда. Бул тууралуу 15-майда маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова билдирди.
"Булар Каркыра сыяктуу алыскы айылдар. Бул айылдар буга чейин деле спутниктик телеберүүнү көрүп келишкен, мындан ары да көрүп турмакчы. Жалпы 326 калктуу конуш санариптик сигналдан тыш же аналогдук берүүдө калды, тийиштүү жабдуулар этап-этабы менен коюлса баары санарипке кошулат", - деди Темирбекова.
Бишкекте бүгүн "Таза коом" долбоору жана өлкөдө санариптик телеберүүгө өтүү боюнча маалымат жыйын өтүүдө.