Чоң-Алай менен Өзгөн районунда жаратылыш кырсыктарынан жабыркагандарга 15-май күнү, саат 11:00гө карата 2 миллион 431 миң 133 сом чогулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ага ылайык, ӨКМнын атайын эсебине Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районундагы жер титирөөдөн жабыркагандарга 1 миллион 321 миң 924 сом 54 тыйын чогулган. Ал эми Өзгөн районунун Аюу айылындагы жер көчкүдөн жабыркагандарга 1 миллион 109 миң 209 сом 18 тыйын чогулган.
Өзгөн районундагы жер көчкүнүн кесепетинен жабыркагандарга акчалай жардам которуу үчүн реквизиттер:
Эсеби: 4407012100009282
Ош РОК 701
Төлөм түрү 2100
ИНН 00103200110150
Чоң-Алай районундагы жер титирөөнүн жыйынтыгында жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн реквизиттер:
Эсеби: 4407012100009383
Ош РОК 701
Төлөм түрү 2100
ИНН 00103200110150