Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда эс-учун жоготуп ооруканага түшкөн 30 окуучу суудан ууланган эмес. Бул тууралуу Ноокен райондук ооруканасынын башчысы Шамшидин Абдирешов бүгүн, 15-майда SUPER.KG порталына билдирди.
“Мектептин жанындагы кудук менен ошол жерде атайын идиштеги окуучулар ичип жүргөн сууну текшеришип, Ош облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору "окуучулар суудан ууланган эмес" деген жыйынтык чыгарып берди. Текшерүүлөр дагы уланат, эми мектептин жанындагы мөмө-жемиштерди, абаны да текшеришет, ошондон соң эмнеден ууланышканы такталат”, - деди Ноокен райондук оорукананын башчысы Шамшидин Абдирешов.
Андан сырткары ал эс-учун билбей жыгылып ооруканада дарыланып жаткан 29 окуучунун 9у бүгүн ооруканадан чыгарылганын билдирди. Ал эми окурман бизге байланышып, "Ноокенде эс-учун жоготуп, дарыланып жаткан балдардын арасында менин иним бар. Анын жанында 42 бала дарыланып жаткан. Бүгүн дагы 4 бала келип жатыптыр" деп билдирди.
Эскерте кетсек, 12-май күнү Ноокендин Тоскоол айылында 30га чукул окуучу белгисиз себептер менен жыгылып ооруканага жеткирилген.