Ош облусунун Чоң-Алай районунда күндүн катуу ысышынан Кызыл-Суу дарыясынын жээктен ашып кетүү коркунучу жаралууда. Мындай маалыматты бүгүн, 15-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өлкө аймагында күндүн катуу ысый баштагына байланыштуу, Чоң-Алай районунун аймагында Кызыл-Суу дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, Кызыл-Туу жана Кошулуш участкаларында суу ашып, жээктерин 25 метрге чейин жеп кеткен.
"Селдин жээкке жакындашы менен 15 турак үйгө 30-40 метр жакындап коркунуч жараткан. Ошондой эле айдоо аянттарына кооптуу абал жараткан. Учурда жергиликтүү айыл аймак тарабынан жээктерди бекемдөө үчүн техника тартуу жагы каралууда", - деп билдирди басма сөз кызматы.