"Таза коом" долбооруна республикалык бюджеттен акча жумшалбайт

Кыргыз жеринде "Таза коом" долбооруна бюджеттен акча жумшалбайт. Маалыматты 15-майда журналисттер менен жолугушууда Байланыш жана маалыматтык технологиялар комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев билдирди. Долбоорду эл аралык донорлор каржылайт. Азырынча каржы булактары табыла электиги белгилүү болду. Шаршембиевдин билдиришинче, долбоорду ишке ашыруунун алгачкы этабына 50 миллион доллар жумшалганы жатат. Долбоорду аткаруучу орган: Байланыш жана маалыматтык технологиялар комитети, эксперттик-аналитикалык топ.

Белгилей кетсек, "Таза коом" долбоорунун алкагында жасалчу иштердин бири - жарандарга маалымкаттарды (справка) автоматтык түрдө берүү. Бардык маалымкаттарды жаран бир учурда бир эле жерден алууга шарт түзүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
KGstan1981
2017-05-15 16:21:37
Коомубуз Аллага шугур таза эле.Бирок бийлигибиз таза эмес.Ошону учун таза коом эмес таза бийлик,президент,пр.министр доолборун тузгуло.Уяты жок бийликтер.
+2
Riokyrgyz
2017-05-15 21:29:33
KGstan1981,коомубуз деле таза эмес,адамдардын ниети бузулган.моюнубузга алалы.
0
ZHYRGAl1412
2017-05-15 17:49:29
Таза коом долборун толук жазып койгулачы чынын айтсам жакшы тушунбодум. бул кандай пайдасы бар элге?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан