"Евровидение-2017" сынагынын уюштуруучулары сахнадагы бейбаштык үчүн кечирим сурашты

"Евровидение-2017" сынагынын уюштуруучулары сахнадагы бейбаштык үчүн кечирим сурашты. Бул тууралуу сынактын басма сөз кызматына шилтеме берүү менен Риа Новости басылмасы жазып чыкты.

Эскерте кетсек, сынактын финалында ырчы Жамала ырдап жаткан маалда пранкер Виталий Седюк Австралиянын желегин жамынып чыгып, шымын чечкенге үлгүргөн. Аны сахнадан күзөтчүлөр алып чыгып кетишкен. Бул окуяга байланыштуу Украинанын Ички иштер министри Арсен Аваков билдиргендей, полиция "бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Учурда ал убактылуу кармоочу жайда.

"Седюктун кылыгы жалпы коомчулуктун этика нормаларына туура келбеген жорук. "Евровидениенин" уюштуруу комитети Жамаладан жана анын командасынан түз эфирдеги бул окуяга байланыштуу кечирим сурайбыз", - деп жазылган алардын билдирүүсүндө.

Ал эми сынактын продюсери Павел Грицак "биз мындай провокацияларды колдобойбуз. Күнөөлүү адам жазасын алышы керек" деген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Guji
2017-05-16 02:01:40
Ушул ырчы эч жакпайт рас эле кылыптыр.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан