"Мекен шейиттери" коомунун мүчөлөрү президентке кайрылуу жасашты

Бүгүн, 16-майда "Мекен шейиттери" коомунун мүчөлөрү президент Алмазбек Атамбаевге, Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековго кайрылуу жасашты.

"Биз жакындарыбыздан айрылган адамдарбыз. Бийлик 7-апрелдеги окуя боюнча күнөөлүү деп табылган Бакиевдер боюнча жана алардын мүлктөрүн улутташтыруу жөнүндөгү маалыматтарды элге жарыялаш керек. Апрель окуялары боюнча соттук отурумдар 6 жылга чейин созулуп кетти. Биз 6 жылдагы соттук отурумдарда соттордун эркин эмес экенин көрдүк. Биз эч бир саясий партиянын кызыкчылыгын көздөбөйбүз", - дейт "Мекен шейиттери" коомунун тең төрайымы Нурия Айдабосунова.

Белгилүү болгондой, аталган коомдун 400гө жакын мүчөсү бар. "Каргашалуу күнү каза болгондордон сырткары 388 адам ар кандай жаракаттарды алган. Бул арада 39 адам алган жаракатынан улам каза болуп калды", - деп кошумчалады Айдабосунова.

Маалымат жыйынында коомдун мүчөлөрү бийликтен Бакиевдер өлкөдөн качканда канча алтын жана башка баалуулуктарды алып чыгып кеткени боюнча маалыматты элге угузуу, мүлктөрдөн мамлекетке канча пайда түшкөнүн жарыялоо талабы коюлду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Derzki_kyrgyz
2017-05-16 13:43:15
Аларга мамлекетке канча пайда тушуп канча чыгаша болгонунун эмне кызыгы бар? Соттун чечимин эле сурашса болмок. Кимге кандай жаза каралат деп? Киреше чыгашага аралашып саясатташтырбай. Деги эле эркек адам жок бекен араларында?
+8
raiana53
2017-05-16 14:02:09
Ой Анар чон апам олтуратго
-2
bazar
2017-05-16 14:34:52
raiana53, ошо Анар чоң апаңы тын дечи. Атамбаев азыр 2010 - жылдагы "шейит" кеткендерди унуткан
+4
buiga
2017-05-16 14:23:52
Мискенбаев жок да)) Ошол чыкчы эле озу биринчи кыйкырып.
+3
bazar
2017-05-16 14:32:13
Өздөрүн автаритет сезип жүрүшөт булар дагы
+5
Krai
2017-05-16 15:39:52
Негизи ушуга окшогон уюмдар коомдор кереги да жок болчу
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан