Чоң-Алай районунда дарыянын деңгээли көтөрүлүп, 50дөй турак үйдү суу каптоо коркунучу жаралды

Чоң-Алай районунда дарыянын деңгээли көтөрүлүп, турак үйлөрдү суу каптоо коркунучу жаралды. Мындай маалыматты бүгүн, 16-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 15-майда Дароот-Коргон айылына жакын жерден агып өткөн, Кызыл-Суу дарыясынын деңгээли кескин жогорулаган. Жыйынтыгында Кызыл-Туу, Кошулуш жана Кара-Кыя участкаларында суу жээкти жеп, 50дөн ашык турак жайды, 3 гектар жер аянттарды суу каптап кетүү коркунучу жаралган. Турак жайларга 20-30 метр аралыкка чейин жакындап калган.

"Дароот-Коргон айылын аралап аккан Дара суусунун деңгээли көтөрүлүп бир нече турак жайларды суу каптап кетүү коркунучу жаралган. Райондук жарандык коргоо комиссиясы жеринде изилдөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Кызыл-Суу дарыясынын нугун буруп, таш таштап тосмо куруу үчүн, жергиликтүү бийлик тарабынан техникалар даярдалып, ӨКМ менен биргеликте керектүү иш кагаздар даярдалууда", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан