Ноокенде эс-учун жоготуп ооруканага түшкөн 29 окуучунун 23ү үйлөрүнө чыгарылды

Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун Тоскоол айылында эс-учун жоготуп ооруканага түшкөн 29 окуучунун 23ү ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Ноокен аймактык оорукананын башчысы Шамшидин Абдирешов билдирди. Анын айтканына караганда учурда окуучулардын баарынын абалы жакшы.

“Бизге эс-учун жоготуп түшкөн 29 окуучудан азыр ооруканада алтоосу дарыланып жатат. Алардын абалы жакшы. Бүгүн түштөн кийин же эртең үйлөрүнө чыгарылат. 23 окуучунун ден соолугу жакшы болуп калганына байланыштуу ооруканадан үйлөрүнө чыгарылды”, - деди Шамшидин Абдирешов. Ошондой эле ал учурда дагы деле балдардын эмнеден улам эс-учун жоготуп жыгылышканы белгисиз экенин айтып, азыр окуучулардын денесинен керектүү анализдер алынып текшерилип жатканын билдирди.

Эскерте кетсек, 12-май күнү Ноокендин Тоскоол айылында 30га чукул окуучу белгисиз себептер менен эс-учун жоготуп жыгылып ооруканага жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
sumaya
2017-05-16 16:30:32
Тан калычтуу 29 бала себепсиз бирдей оору менен ооруганы...
+2
betatek-2011
2017-05-16 16:45:49
Дагы деле билинбептир да неден экени?Окунучтуу!!!
+2
Kroxa
2017-05-16 16:50:03
Белгисиз калып кетпесе болду анализдей албай биздин адистер...
+2
Begimai85
2017-05-16 18:27:09
Молдого бир окутуп койуш керек анализин билишпесе кыргызчалаш керек анткени илешмелер болсо доктур биле албайт
+2
raykray
2017-05-16 19:38:21
анализдер кантип дагы эле чыкпайт, кудай сактасын 30 эмес андан кобойуп баратса же даарысы жок же дабасы жок кобойо берет беле?!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан