Улуттук илимдер академиясынын Биология жана топурак таануу институтунун адистеринин айлык маяналары аз. Бүгүн, 17-майда SUPER.KG порталына Биология жана топурак таануу институтунун директорунун милдетин аткаруучу Бекмамат Жээнбаев эмгек акынын аздыгынан жаш кадрлар иштөө үчүн келбей жатканын айтып чыкты.
"Айыл чарба, медицина мунун баары биология илимине байланыштуу. Бүгүнкү күндө биздин институтка жаш кадрлар келбей калды. Ишти алга жылдырууда жылан, бака, кескелдирик боюнча адистер жок. Ал тургай бизде иштеген илимий кызматкерлер үй-бүлөсүн эмес, өзүбүздү араң багып жатабыз. Анткени айлык маянабыз аз. Жаңы окууну бүтүп келген кызматкерлер 1600-1800 сом айлык алышат. Бул акча менен 1 ай жашоо мүмкүн эмес. Ал эми лаборанттар айына 4-5 миң сом акча алат. Мындан улам бизге жаш кадрлар келбей калды. Учурда иштеп жаткандардын басымдуу бөлүгү улуу муундагы кызматкерлер", - деп билдирди Жээнбаев.
Маалыматка ылайык, аталган институтта 86 кызматкер эмгектенет. Анын ичинен 9 адам илимдин доктору, 25 кызматкер илимдин кандидаты.