Бишкекте Улуттук кеңеш өлкөдөгү саясий кырдаалды талкуулады

Бүгүн, 17-майда Улуттук кеңештин “Мамлекет жана коомдун ортосунда ажырым: эмне кылуу керек” деген аталыштагы жыйыны болуп өттү. Жыйында учурдагы өлкөдөгү кырдаал талкууланды. Жыйынга катышып жаткан Улуттук илимдер академиясынын мурдагы жетекчиси Абдыганы Эркебаев жыйында негизги талкуу күздө өтө турган президенттик шайлоонун тегерегинде болгонун айтты.

“Бүгүнкү жыйында президенттик шайлоону кантип тынч өткөрүп алса болот, татыктуу президентти кантип шайлап алабыз деген маселенин тегерегинде талкуу болду. Негизгиси, бүгүнкү жыйында байлыгы көп адам эмес, эл деп күйгөн адам шайланса экен деген сөз болду, мен да бул нерсени колдойм. Кыргыз өлкөсүндө жыйырма жылдан бери мейли президенттик, мейли парламенттик шайлоо болсун, жалаң акча менен болуп келе жатат. Талапкерлер жалаң акча менен шайлоодон өтүп келе жатышат. Бул жолу татыктуу адамды шайлашыбыз керек”, - деди Эркебаев.

Ошондой эле ал Улуттук кеңеш бийлик менен оппозициянын ортосуна көпүрө боло турган орган катары уюштурулуп жатканын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
scorp
2017-05-17 18:27:24
Кыргызым менин айланайын силерден кыргызым!)) улутчулдар чогулгула кобойгуло))
+1
aibi8984
2017-05-17 22:01:17
саясатынар менен жерге киргиле, Тоскоолдо адамдар олум тошогундо жатат,андан коро эксперттерди таап келип текшерткилеее!!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан