1048-жылы 18-майда Персиянын улуу акыны, математиги, астроному жана философу Омар Хайям (Гиясаддин Абу-ль-Фатх Омар ибн Ибрахим аль-Хайям Нишапури) Нишапур шаарында (азыркы Иран мамлекетинде) туулуп өскөн. Билимин Самарканд шаарында алган. Кийинчерээк Бухарага барып ал жерде математик жана астроном катары көптөгөн ийгиликтерге жетишип, орто доордун алдынкы илимпоздорунун бири болгонго жетишкен. Ал эми 1131-жылдын 4-декабрында 83 жашында Ирандын Нишапур шаарында көз жумган.
18-майдын жылнаамасы.